Пример HTML-страницы

Чүйдөгү дүкөндөрдө «Золотая жизнь» суусундугу сатыктан алынып баштады

TurmushЧүй облусундагы дүкөндөрдө «Золотая жизнь» суусундугу сатыктан алынып баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Афганистанда жасалган «Золотая жизнь» суусундугун дүкөндөрдөн алуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө департаментинин буйругу чыккан. Анын негизинде бүгүн, 4-июлда рейддик иш-чаралар башталды.

«Аталган суусундуктар сатылган дүкөндөр аныкталып, сатыктан алынып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush Ош шаарындагы соода түйүндөрүндө «Золотая жизнь» аталышындагы газдалган анар суусундугу сатуудан алынып жатканын жазган. Анткени лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Афганистандан чыгарылган аталган суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген «азорубин Е 122» боёгун камтыйт деп табылган.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында аталган суусундукту сатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE