Чүйдөгү атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебине Замирахон Пазылова директор болуп дайындалды.

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебине логопед-дефектолог Замирахон Пазылова директор болуп дайындалды.

Ал 1971-жылдын 26-мартында Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси. Учурда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында жашайт. Ал бул кызматка чейин Сокулук районундагы сүйлөө кебинде оор бузуулары бар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде логопед-педагог болуп эмгектенген. «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Билими:

1995-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дефектология факультетин аяктаган. Олигофренопедагог, логопед-дефектолог адистигин алган;

2015-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплом менен бүтүрүп, орус тили жана адабияты мугалими адистигин алган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️