Чүйдөгү айылда милиционерлерге кол көтөргөн адам камакка алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-сентябрда түнкү саат 02:00 чамасында Москва районунда жол күзөтчүлөрдүн рейди учурунда мас адам милиция кызматкерлерин жакалады. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн старшинасы А.Д. телефон чалып, Беловодск айылындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөсүндө белгисиз адамдар баш ийбестик кылып жатканын билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, «Бахус» рейди учурунда «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, ичинде отурган мас абалдагы жүргүнчүсү милиционерлерди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, аброюна шек келтиргени аныкталган. Ага эскертүү берилген учурда 1991-жылы туулган М.А.Ш. уунаадан түшүп, сөгүнүп, милиция кызматкерлерине күч колдонуп баш ийбестик кылган. Ал старшина А.Д. менен прапорщик К.Т.га кол көтөрүп, зыян келтирген. Алар Москва райондук ооруканасына кайрылган. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кармалган адам Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын тескөөчүсүнө кол көтөргөн жаран кармалганын тастыктады.

Пример HTML-страницы

Маалыматка караганда, «Бахус» аталышындагы рейд учурунда «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда унаанын айдоочусу кызматкердин талабына баш ийбестен каршылык көрсөтүп, кол көтөргөн. Анын кесепетинен ЖКККБнын кызматкери райондук ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Москва РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иш козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы окуяга шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып, Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️