Чүйдөгү айланма жолдо 22 жаштагы жигитти унаа сүзүп кетти. Ал жандандыруу бөлүмүндө жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусундагы «Токмок» көзөмөл өткөрүү пунктунун маңдайынан, Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолундагы жөө өтмөктөн 22 жаштагы унаа сүзүп кетти. Ал учурда Токмок шаарындагы ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатканын Токмок шаарынын депутаты Чолпон Сыдыкова билдирди.

«15-июль күнү кечке маал 2002-жылы туулган жигитти унаа сүзүп кетти. Жабырлануучу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан. Анын 6 жеринен жаракат кетип, жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жергиликтүү эл ушул жерде көп кырсык болорун айтышууда. Себеби, көзөмөл өткөрүү пункттан ары-бери киши көп каттайт. Ал эми унаалар жөө өтмөк бар экенин билсе да ылдамдыкты азайтпай өтүшөт. Мындан улам ушул жерге жер алдынан өтмөк салуу керек. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ушуну көзөмөлгө алышса жакшы болмок.Жергиликтүү активисттер жөө өтмөк бар деген белгиге күйүп-өчүп туруучу жарыкты коюшту» — деди ал.

Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борбору маалыматты тастыктап, жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдиришти.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️