Пример HTML-страницы

Чүйдөгү абактарда спорттук оюндар уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка, Степной айылдарында жана Панфилов районундагы Вознесеновка айылында жайгашкан абактарда спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук мелдештер Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинин футбол талаасында өтүп, ага ЖАКнын кызматкерлери катышты.

Ал эми Степной айылында жайгашкан №2 аялдар абагындагылар, Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемесиндегилер спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE