Пример HTML-страницы

Чүйдө жол жээгинде күйүүчү май саткандарга рейд өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймагында мыйзамсыз жолдун жээгинде соода-сатык жүргүзүп, анын ичинен күйүүчү май саткандарга чара көрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жол тескөөчүлөр тарабынан 10-17-июнь күндөрү «Сода-сатык» аталышындагы рейддик иш-чара өтүүдө. Рейддин максаты жол жээктерин иретке келтирүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө жол жээгинде күйүүчү май саткан 30 жаранга Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө (жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу) ылайык 3000 сомдон айып салынды. Ошондой эле салык кызматкерлери менен биргеликте 3800 литр күйүүчү май алынып, тийиштүү мекемелерге өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE