Чүйдө «ВМW» үлгүсүндөгү унааны чимирилтип айдаган айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда «ВМW» үлгүсүндөгү унааны чимирилтип айдаган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда унаасы менен автоээнбаштык кылып жаткан видео тасма тараган.

«Бул факты боюнча Чүй РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “ВМW 525” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык унаанын айдоочусуна 15 000 миң сом айып пул салынып, унаасы убактылуу айып короо жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Укук бузуулар кодексинин 189-беренеси 1-бөлүмү: автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (15 000 сом) айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️