Чүйдө унаа жуучу жайдагы терминалдан акча уурдалган. Милиция шектүүнү кармады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда түндө терминалдардан акча уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 3-октябрында 1988-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран Москва районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал арызында болжол менен түнкү саат 02:50 чамасында белгисиз жаран акча чогултулган аппаратынан акча уурдап кеткени боюнча чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Москва РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинини 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде бул кылмышка шектүү аныкталып, 2002-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалып, Москва РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында түн ичинде өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жайдагы жана супермаркеттеги уурулук видеокамерага түшүп калганын жазган.

Маалым болгондой, 2024-жылдын июль айында жеке ишкер тарабынан алгачкы жолу Петровка айылында өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жай ачылган. 3-октябрда түн ичинде андагы терминалды белгисиз адам бузуп ачып, ичиндеги акчаларды алып кеткен. Ошол эле түнү дүкөнгө да кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️