Пример HTML-страницы

Чүйдө тамыры уулуу делген дарак гүлдөдү. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунда катальпа дарагы гүлдөдү. Аталган дарак тууралуу жаратылыш сүйүүчү Сайора Маматова айтып берди.

Анын айтымында, катальпа дарагы пайдалуу.

«Биринчи жолу кызгылт-ак гүлдөргө оролгон катальпаны көргөндө абдан кызыккам. Анын жыты ваниль, бал жана жасмин бадалынын жытына окшош. Ал пайдалуу экенин билген тургундар гүлдөрүн жана мөмөсүн чогултушат. Дарак негизинен июнь-июль айларында 20-25 күн бою гүлдөйт.

Бул өсүмдүк тууралуу маалымат топтоп, изилдеп баштадым. Ал бөйрөк ооруларын дарылоого жардам берет. Курамындагы гликозида организмден токсиндерди чыгарып, паразиттер жана зыяндуу микрофлора менен күрөшүүгө өбөлгө болот. Каталпол заты тестостеронду иштеп чыгууга жардам берип, гормоналдык терапияда кеңири колдонулат. Катальпадагы корбонит кислоталары жана поливитаминдик касиети бронхалдык астмада жарам берет», — деди Маматова.

Ал аталган дарактын жыгачынан гитара жасала турганын да кошумчалады.

«Фермерлер катальпа мал-жандыктар үчүн пайдалуу экенин айтышат. Дүйнөдө аны жем жана авитаминозго профилактика катары колдонушат. Ошондой эле жалбырагынан маска жана шампунь жасашат. Бул дарак 100 жылга чейин жашайт», — деди Маматова.

Сайора Маматова бул дарактын тамыры уулу экенин белгиледи. Аны отургузууда коопсуздук чаралары сакталышы зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE