Чүйдө селдин кесепетин жоюуга тартылган «КамАЗ» сууга кулады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районундагы тоолуу аймактарда нөшөрлүү жаандан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, эгин талааларды, жолдорду сел каптады. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 15-июлда болгон.

«Селдин кесепетинен суу каналдарды шагыл топурак жаап калган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү атайын техникалардын жардамы менен сугат каналдары тазалап, арыктын жээктерин бекемдөө учурунда кырсык катталды. Анда «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа арыктын жээгинде оодарылып кеткен», — деди тургундар.

Ал эми Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан маалыматты тастыктап, кырсыктан эч ким жабыркабаганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️