Чүйдө милиция кызматкерлери арасында өткөн футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда милиция кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.

Спорттук иш-чара Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 12-июлунда кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине жана ИИМдин иш-мерчеминин талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.

Мелдеш Күзөт кызматынын спорт ордосунда өтүп, Чүй ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов өздүк курамды Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, кызматтар арасында ынтымакты бекемдөөдө ушул сыяктуу спорттук иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турарын айтты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Кылмыш иликтөө башкармалыгы багындырса, 2-орунга Тергөө кызматынын командасы жана 3-орунга Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы ээ болду. Жеңишке жеткен командалар жана мелдеш учурунда өзүнүн артыкчылыгын көрсөткөн кызматкерлер ар кандай номинацияда ардак грамота, акчалай байге менен сыйланды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️