Чүйдө козу карындардын оргиналдуу түрү пайда болду

TurmushЧүйдүн токойлорунда жана бакчаларында сморчок (козу карындын бир түрү) пайда болду.

Барган сайын бул козу карындарды тергендердин саны көбөйдү.

«Мен козу карындардын оригиналдуу түрүнүн бир нече даанасын көрдүм. Буга чейин булар жолуккан эмес. Мен аларды чогулттум, бирок жегенден сак болдум», — деди козу карын тергендердин бири.

Сморчок — көбүнчө жаңгак жана жалбырактуу токойлордо өсүүчү козу карындар. Кыргызстанда сморчок козу карынынын эки түрү бар. Алардын ичинен чыныгы сморчогу эң кеңири таралган. Бул баш кийими бар козу карын. Анын баш кийими туура эмес сүйрү формада, бети бырыш. Козу карындын ичи көңдөй.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️