Чүйдө каргалар эмне үчүн топтолуп жаткандыгы белгилүү болду (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районундагы эгин талааларда жана жолдун боюнда каргалардын тою башталды. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Маалым болгондой, райондо 6 айыл аймагы жана Кайыңды шаары жайгашкан.

«Райондун айыл аймактарынын эгин талааларында буудай, арпа орулуп жыйналып бүттү. Албетте, эгиндерди атайын техника менен оруп жатканда баштарынын дандары жерге түшүп калат. Эми ошондон азыктануу үчүн каргалар тобу менен учуп келишип, алар тойлой башташты. Ал эми тойгон каргалар Чалдыбар—Бишкек унаа жол боюндагы бак-дарактардын баштарына тобу менен конуп эс алышуда. Күндүн табы көтөрүлгөндө алар көлөкө жайларда жана суунун боюнда учуп-конуп жүрүшөт», — деди жергиликтүүлөр.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️