Пример HTML-страницы

Чүйдө изделип жаткан окуучу бала аман-эсен табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районуна караштуу Алчалуу айылынын тургуну — 8-класстын окуучусу Төрө Кубатбеков аман-эсен табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жакындары билдирди.

Алардын айтымында, окуучу баланы кечээ, 20-июнда саат 21:00 чамаларында айылдын четинен табышты.

«Бир аз ачка болуп калганы эле болбосо, абалы жакшы экен», — деди алар.

Буга чейин Төрө Кубатбековдун атасы Жыргалбек Ниязалиев уулу 18-июнда саат 18:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE