Чүйдө эс алууга барган тургун өзгөчө жөргөмүш тапты. Ал адамдар үчүн кооптуубу?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунун тургуну — жаратылыш сүйүүчү Олег Зайцев кызыктуу табылгасы тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Анын айтымында, ал аарыга окшош жөргөмүштү көргөн.

«Москва районунда эс алып жүргөндө көлмөнүн жанына чатыр тигип алганбыз. Эртең менен ойгонсок, чатырдын бурчуна коркунучтуу, курсагында аарыныкына окшош ак-сары боек менен боелгон жөргөмүш желе тартып коюптур. Кийинчерээк биз чатырдын жанындагы тордон дагы бир жөргөмүштү көрдүк. Бул аарыларга окшош эмне болгон жөргөмүш жана адамдар үчүн канчалык коркунучтуу?», — деп таң калды ал.

Биолог Ирина Стежконун маалыматына караганда, быйыл Чүй облусунда аары-жөргөмүштөрдү көп байкоого болот. Алардын илимий аталышы — Аргиопа Брюнниха.

«Мындай жөргөмүштүн чагуусун аары менен салыштырууга болот. Бирок анын уусу адамдар үчүн коркунучтуу эмес. Аары-жөргөмүштүн жаак сөөгү күчтүү. Ал адамдын терисин терең тиштеп, уусун чыгарат. Жөргөмүштүн уусунан адамдарда күчтүү аллергиялык реакция болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай олуттуу көрүнүштөр болуп калса, дарыгерге кайрылуу керек. Аргиопа Брюнниха чоң болгонуна карабастан, адамдар үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт. Ургаачыларынын узундугу 4 сантиметрге чейин жетет. Эң негизгиси, жөргөмүш эч качан биринчи кол салбайт, адамдар ага өтө чоң жана коркунучтуу көрүнөт», — деди И.Стежко.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️