Чүйдө эки жигит иштеп жаткан жеринде көз жумган, бири дзюдочу болчу. Окуянын жагдайлары

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй районунун Чүй айылындагы 2 адамдын өмүрүн алган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 19-июлунда Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй айылынын эки тургуну электр тогуна урунуп каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Чүй РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чеийинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Чүй айылында суу чыгаруу үчүн жер казып жатып, «КамАЗ» унаасынын бургалоочу станогунун башы электр чубалгысына тийип, иштеп жаткан 1996-жылы туулган Д.В. жана 1996-жылы туулган Г.П. аттуу жарандар токко урунуп, окуя болгон жерден каза болгону аныкталган.

Учурда тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Turmush Чүй айылында кудук казып жаткан 2 жаран токко урунуп каза болгонун жазган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кудук казган жеке менчик компаниянын атайын техникасы иштеп жаткан. Аталган техниканын кудук казган жабдыгы электр чубагыга илинип калган. Натыйжада кудук казуу үчүн техниканын жабдыгын камдап жаткан 2 киши токко урунуп каза болду. Ошондой эле атайын техниканын айрым бөлүктөрү күйүп кеткен.

Пример HTML-страницы

Кийинчерээк каза болгондордун бири дзюдо боюнча Кыргызстандын спорт чебери Павел Гончаров экени белгилүү болгон.

Ал 1996-жылы 20-июнда туулган. 2014-жылы Азия чемпионатында 3-орунду, 2016-жылы Азия чемпионатында 3-орунду, 2016-жылы студенттер арасында дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеген.

Павел Гончаров самбо боюнча улуттук кураманын (81 кг салмакта) мүчөсү болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️