Пример HTML-страницы

Чүйдө чек арада жайгашкан айылда байчечекей гүлдөп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда Казакстан менен чектешкен тоо этегиндеги Чолок- Арык айылында байчечекей гүлдөп баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Чолок-Арык айылы Фрунзе айыл аймагында жайгашкан.

«Айылыбыз Казакстан менен чектешип турат. Анда тоо этегинде жашаган 300гө жакын жергиликтүү тургундар мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Жаз алды менен байчечекей жер жарып, эми гүлдөп баштады. Жаз жарчысы болгон кооз гүлдөрдү балдарыбыз терип, идишке салып, үйдүн терезесине да коюп алышты. Күн жылуу. Эми айлана-чөйрөнү тазалап, талаа жумуштарына да бет алабыз», — деди айылдыктар.

Байчечекей — чекилдектер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Тамыры түймөктүү, сабагы жалгыз, жалбыраксыз, бир гүлдүү — бийиктиги 5-10 см. Гүлдөрү 6 мүчөлүү, энелиги бирөө. Мөмөсү — көп уруктуу кутуча. Жалбырактары ичке, жиптей. Тамыр моюнчасынан өсөт, ороочтуу.

Эки түрү тоо этегинде эрте жазда, кар кете электе өсүп, гүлдөйт. Анын Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Сейрек учурайт, жоголуп бараткан түр катары Кыргызстандын Кызыл китебине жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE