Чүйдө 6 ай ичинде 105 миң 106 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын алты айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Манас Сыдыгалиев, ЖКККББнын ЖКК жана УКТнын башчысы, милициянын капитаны Нурмат Эрназаров, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын башчысы, милициянын полковниги Автандил Токтоналиев жана алардын орун басарлары, ЖКК бөлүмчөлөрүнүн башчылары, офицердик курамдын катышуусунда алты ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жайкы туристтик мезгилди өткөрүү боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Жыл башынын тарта Чүй облусунун аймагында 105 миң 106 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Анын ичинен:

— Мас абалында унаа башкарган — 1380 айдоочу;

— Автоээнбаштык жасаган — 21 айдоочу;

Пример HTML-страницы

— Тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1398 айдоочу;

— Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар — 5901 факты;

— Терезелерин караңгылаткан — 146 айдоочу;

— Жол белгилерине баш ийбеген — 32663 айдоочу;

— Ылдамдыкты ашырып айдаган — 46300 айдоочу;

— Башка жол эрежелерин бузган — 3835 айдоочу.

Ошондой эле, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4665 унаа айып короо жайына токтотулган.

Кеңешменин соңунда ЖКККББнын башчысынын орун басары орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар талап-тапшырмаларды койду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️