Чүйдө 30 жыл жол тескөөчү болуп иштеп, кызмат учурунда бутунан айрылган кызматкерге сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда 30 жыл жол тескөөчү болуп иштеп, кызмат учурунда бутунан айрылган кызматкерге сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, кечээ, 5-июль күнү РИИБнин жетекчилиги жана өздүк курамы Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, өкүлдөрү жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттукташты.

Ак ниет эмгеги жана жол коопсуздугун камсыздоого кошкон жеке салымы үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлер ведомстволук медалдар, ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланышты.

Майрамдын урматына РИИБдин жана жол-кайгуул кызматынын жетекчилиги бул кызматта 30 жылдан ашык кызмат өтөп, бир бутунан ажыраган башкы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын ардагери Мухудин Жумалиев менен жолугушту.

Салтанаттын соңунда милиция кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️