Пример HTML-страницы

Чүйдүн тоолорунда туристтер «аюунун иниси» деп аталган жырткычтарды көп жолуктуруп жатат. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусундагы тоолордо туристтер кашкулактарды көп кездештирип жатышат. Бул жаныбарды «аюунун иниси» деп атап коюшат.

Туристтердин айтымында, кашкулактарды туристтер баскан жолдордон көрүүгө болот.

«Таң эрте маршурттук жол менен кетип бара жатып, бурулуштан үндөрдү уктук. Бир аз жогорулаганда биздин топ кашкулактарды көрдү. Алар азык издеп, ызы-чуу болуп жатышыптыр. Биз акырындан басып, жырткычтарды жакындан көрдүк», — деди туристтер.

Ал эми эколог адис Александр Сосновскийдин маалыматы боюнча, кашкулактарды чындыгында «кичинекей аюу» деп атап коюшат. Себеби алар аюуга абдан окшош болот.

«Кашкулактар да кышында уйкуга кетет. Таманында катуу, узун тырмактары бар. Бирок аюулар түркүмүнө кирбейт, экөө тең жырткычтар. Кашкулактар адамдар үчүн коркунуч жаратпайт. Алар адамдын жытын сезери менен качат. Тоолордо кашкулактардын саны көбөйдү. Бул жырткычтар аскаларга чыгып, жер казып, курт-кумурска, чычкан, бака, өсүмдүктөрдүн тамыры, үлүл жана куштардын жумурткасы менен азыктанат», — деди адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE