Пример HTML-страницы

Чүйдүн тоолорунда «байлыктын жана атактуулуктун гүлү» гүлдөдү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун тоолорунда майда жалбырактуу пион жапырт гүлдөй баштаганын жаратылыш сүйүүчүсү Саера Маматова билдирди.

Анын айтымында, адамдар бул гүлдөргө суктанып, жытын сезүү үчүн ондогон километрди басып, тоолорго барышат.

«Жыл сайын жаздын ортосунда майда жалбырактуу пион өскөн жерлерге барам. Бул гүлдөр абдан кооз. Алардан чексиз ырахат алса болот», — деп белгиледи С.Маматова.

Биолог Ирина Стежко төмөнкүлөрдү айтты: «Бул өсүмдүк Кыргызстанда воронец, майда жалбырактуу пион же марьин тамыры деген аталыш менен белгилүү. Бул пион тукумундагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн бир түрү. Алар тоолордо апрелдин аягында гүлдөп баштайт. Ачык кочкул кызыл гүлдөр май айы бою тоолорун кооздукка бөлөйт. Бул гүлдөр суукка да, кургакчылыкка да туруштук берет. Браконьерлик чогултууга гана туруштук бербейт.

Жыл сайын алардын саны акырындык менен азайып баратат. Майда жалбырактуу пион Кызыл китепке киргизилген жана аларды чогултууга тыюу салынган. Алар уулуу экенин эстен чыгарбоо керек. Бирок расмий медицинада бир катар нерв ооруларын, мээнин чайкалышын, ар кандай мүнөздөгү аз кандуулуктарды жана башка көптөгөн ооруларды дарылоодо колдонууга тоскоол болбойт. Мындан тышкары, жапайы пиондор пейзаж дизайнында жигердүү колдонулат. Багбандар аны үрөндөрдүн жардамы менен көбөйтүшөт. Айтмакчы, гүлдүн аталышын кытай тилинен которгондо “байлыктын жана атактуулуктун гүлү” дегенди билдирет. Ошондой эле, пиондор да жазды жана жашоонун кайра жаралышын билдирет».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE