Чүйдүн Нарзан айыл аймагында карыяларга сый тамак уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Чүй облусунун Москва районуна караштуу Нарзан айыл аймагында карыяларга сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, сый тамакка 80 карыя келген.

«Бул иш-чара Кош-Дөбө жана Беловодск айылында уюштурулду. Ага жалпысынан 70 жаштан өткөн 80 карыя катышып, аларга сый тамак берилди. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ага акимдин орун басары, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси жана айыл өкмөтүнүн башчысы катышып, карыяларды куттукташты», — деп айтылат маалыматта.

Административдик-аймактык реформадан кийин Биринчи май жана Беловодск айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Нарзан айыл аймагы түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️