Чүйдүн мал базарындагы кой көпчүлүктүн көңүлүн бурду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусундагы Сокулук районунун мал базарындагы меринос породасындагы койдун сапсыйып өсүп кеткен жүнү социалдык тармактардагы колдонуучулардын талкуусунда калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Союз мезгилинен бери меринос породасындагы койду багып келген Бегалы Капаров бул көрүнүш малга убал болоорун билдирди.

«Бул былтыркы козу окшойт. 2 жылга чукул кыркылган эмес. Мындай сапсыйып өскөн жүн малды жүдөтөт. Арыктап дагы кетиптир. Мериносту жаз мезгилинде сөзсүз кыркып туруш керек. Апрель айында койлор кыркылган мезгилде кыркылбай калган окшойт. Бул жалкоонун иши», — деди ал.

Бегалы мырза, мериностун жүнү учурда арзан баада сатылып жатканын айтып, нааразы болду.

«Негизи бул жүндүн чыныгы баасын билбей жатабыз. Эгер кайра иштеткен завод-фабрикалар болсо, өзүн-өзү актамак. Биз сырттан жынсы шым жана башка кымбат баалуу кийимдерди албай калмакбыз.

Пример HTML-страницы

Азыр мериностун жүнүнүн 1 килограммы 66 сом болуп жатат. Бул өзүн актабайт. Бир койдон 5 килограмм жүн чыгат. Мал баккандар 1 койду айына 100 сомго карап, 1 койдун жүнүн 100 сомдон кыркышат. Мындан сырткары, жем-чөп кетет. Ошентип 66 сом актабай калып жатат.

Ысык-көлдүн жигиттери чогулуп, бүткүл өлкө боюнча меринос кой баккандардын башын бириктирип ассоциация түзүп жүрүшкөн. Алар Чехиядагы өнөр-жай ишкананы алып келип, Токмок шаарына жайгаштырып, жүндү өзүбүз кымбат баада сатып алабыз деген. Бирок эмнегедир кыймыл жок. Өкмөт ушул багытка дагы көңүл буруп койсо жакшы болмок», — деди ал.

Мал базардагы соодагерлердин айтымында, семиз меринос койлор 12 миң сомдон, козулары 5-6 миң сомдун айланасында сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️