Чүйдүн Ак-Башат айылында Эл аралык ак илбирс күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 23-октябрда Чүй облусунун Ак-Суу айыл аймагына караштуу Ак-Башат айылында Эл аралык ак илбирс күнү белгиленди. Бул тууралуу С.Усубалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Таалайбүбү Осмоналиева билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара аталган мектептин базасында өткөн.

«Бизде «Ак илбирс — элибиздин улуттук символу» деген темада иш-чара өттү. Анда Эл аралык илбирс күнү белгиленип, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле лекциялар окулуп, окуучулар реферат жазышты. Кыргызстандын бийик тоо экосистемалары, кызыл китептеги ак илбирс тууралуу жана аларды коргоо, аяр мамиле жасоо жөнүндө баяндамалар окулду.

Экологиялык билим берүү максатында Кыргызстандагы ак илбирсти коргоочулар менен 2020-жылдан бери иштеп келебиз», — деди ал.

  • 2013-жылдан тарта 23-октябрда жыл сайын Эл аралык ак илбирс күнү белгиленип келет.

Буга чейин Turmush Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу капчыгайындагы аска-зоо бооруна улуттук символго айланган ак илбирстин макети коюлганын жазган.

Пример HTML-страницы

Кыргызстандагы жаратылышы кооз жерлердин бири — Ак-Суу айыл аймагына караштуу Ак-Суу капчыгайы. Ал аймактагы айрым жерлер өткөн кылымдардагы баатырлардын ысымын алып жүрсө, Жарды-Таш дарыясынын куймасынын оң жагындагы тоо кыркасында 4446 метр бийиктикте орун алган Владимир Путин атындагы чоку бар. Ошол чокуга баруучу жол боюндагы аска-зоо бооруна 2012- жылы узундугу 6 метрден ашуун ак илбирстин макети коюлган. Ал атайын буюртма менен Питерден алынып келген. Куйругунун узундугу 2 метр болуп, жалпы салмагы 500 килограммдан ашык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️