Чүй районунун теннисчи кыздары облустук чемпионатта 2-орунду алышты

TurmushТокмок шаарында өткөн Чүй облусунун стол үстүндөгү теннис боюнча чемпионатында Чүй районунун кыздарынан түзүлгөн курама командасы жалпы командалык эсеп менен 2-орунду алышты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, кыздардын басымдуу бөлүгү 1-2-3-орундарды алышкан.

«Чүй районунун курама командасын Токтобек Жолдошев аттуу машыктыруучу машыктырып келет. Бул мелдештен соӊ биздин үч кыз облустук курама командага кирүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Алар: Закия Маратова, Арууке Орозобекова, Айназик Бекбосуновалар. Облустук курама команданын курамында республикалык мелдешке аттанышат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️