Чүй районунун акими жаңы-жолдуктардын суроосуна жооп берди

TurmushЧүй районунун Жаӊы-Жол айылында мектеп-интернаттын мугалимдери үчүн курулуп баштаган 18 батирлүү үйдүн курулушу токтоп калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, курулуш иштеринин башталышында президент Садыр Жапаров өзү келип, капсуласын салуу иш-чарасына катышкан.

Жергиликтүү тургун Жылдызбек Укуевдин айтымында, капсула салуу иш-чарасында казылган чуӊкурлар ошол бойдон турат.

«Андан бери эч нерсе жасалган жок. Казганы казган бойдон калды. Эмне себептен иш башталбай жатканын билгим келет», — деди ал.

Чүй районунун акими Жыргалбек Шакиевдин айтымында, бүгүнкү күндө аба ырайынын шарттарына байланыштуу үйдүн курулушу токтоп, бирок иш кагаздарын жүргүзүү иштери жүрүп жатат. Үйдүн архитектурасы жана дизайны интернаттын администрациясы жана кызматкерлери менен талкууланып жатат. Курулушту аяктоо 2022-жылдын 1-сентябрына мерчемделген.

Пример HTML-страницы

«Бул Эл аралык ишкердик университети тарабынан курулуп жатат. Азыр аба ырайы курулуш иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Куруучлар ошол жерде аба ырайын күтүп, жашап жатышат. Долбоор ишке ашкан соӊ курулат. Аны көзөмөлдөгөн кишилер бар. Президентке чейин отчеттор жетип турат. Мектеп-интернаттын директору деле эл аралык демөөрчүлөргө ыраазы экенин айтып жатат. Буга чейин бир катар иштерди бүтүрүп беришкен.

Мектеп-интернат жетим балдар үчүн 1956-жылы курулган. 2021-жылга чейин эч качан капиталдык оңдоо болгон эмес. 2021-жылдын декабрь айында 3 тараптуу келишим (Билим берүү жана илим министрлиги, эл аралык уюм жана мектеп-интернаты) түзүлүп, кол коюлган. Бул меморандумду ишке ашыруу максатында Эл аралык ишкердик университети тарабынан каржылоо башталып, 20 күндүн ичинде 4 млн сомго 1500 чарчы метр чатыры алмаштырылып, интернаттын ашканасы 2 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

24-декабрда өлкөнүн президенти Садыр Жапаров интернатка келип, балдардын жана кызматкерлердин турмушу менен таанышып кеткен. Ошондо футбол боюнча турниринин байге фондуна 1 000 000 сом берди. Ишкер Нургали Асаналиевдин демилгеси менен балдарга белек катары «Спринтер» кичи автобусу алынды. Ушул эле күнү президент 18 батирлүү үйгө капсула салды.

Жаӊы салына турган көп кабаттуу үйгө мектеп-интернаттан бирден тарбиячы, бирден мугалим жана 11-класска чейинки окуучулар жатып окушат. Ал жерде бир үй-бүлөдөй болуп жашашат. Бул дүйнөлүк стандарга ылайыкталган», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️