Пример HTML-страницы

Чүй облусунун тоолорундагы Түркстан жоогазыны. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун тоолорунда Түркстан жоогазыны гүлдөдү.

«Тоолордун бардык капталдары гүлдөр менен кооздолгон. Жапайы жоогазындар — Кыргызстандын сыймыгы. Тоолордон бир нече түрүн таба алабыз. Түркстан жоогазынынын жанынан башка жазгы гүлдөрдү көрүүгө болот. Алардын баары кооздугу менен таң калтырган кыргыз тоолорунун көрүнүшүн жаратат», — дешет Жайыл районунун тургундары.

Түркстан жоогазысы — Кыргызстандын тоолорунда кеңири таралган жоогазындардын бир түрү.

«Аны ботаникалык жоогазын деп да аташат. Анткени бул түр өзүнүн кооздугу жана жөнөкөйлүгү менен биологдор тарабынан жогору бааланган. Ошондуктан шаардагы гүлзарларда өстүрүү жана отургузуу үчүн кеңири колдонулат. Тоолордо тоо этектеринен альп зонасына чейинки аймакта марттан июнь айына чейин гүлдөйт.

Алгач Түркстан жоогазынын Орто Азиядан 1873-жылы орус саякатчысы Е.Регель ачып сүрөттөгөн», — дейт биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE