Пример HTML-страницы

Чүй облусунун тоолору ак гүлдөр менен кооздолду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун тоо этектерин жана тоолорун «пупавка» гүлү каптады.

«Эл оозеки тилде аларды ромашка деп аташат. Бул чындыгында эмне деген өсүмдүк жана анын кандай касиеттери бар?», — деп суроо узатышты жарандар.

Биолог Ирина Стежконун айтымында, «пупавка» гүлү — астра тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сырткы көрүнүшү боюнча кадимки дарыкана ромашкасын элестетет. Бирок ага эч кандай тиешеси жок.

«Пупавканы» көбүнчө ромашка деп жаңылышат. Бул өсүмдүк Кыргызстандын бардык жеринде кездешет. Быйыл жазгы жаан-чачынга байланыштуу бул гүлдөр Чүйдүн бардык талааларын, тоолорун каптады. Чынын айтканда абдан кооз көрүнөт. Астра тукумундагы өсүмдүктөрдүн жагымсыз жыты жана ачуу даамы бар. Аларды мал жебейт. Алар жайыттарда жана эгин талааларында зыяндуу отоо чөп болуп эсептелет», — деди ал.

И.Стежко кошумчалагандай, «пупавканын» айрым түрлөрү дарылык мааниге ээ: алар инсектициддик жана бактерициддик касиетке ээ.

Фармацевтер «пупавканы» ромашкага окшош касиетке ээ экенин айтышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE