Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Чүй облусунун райондорунда Аялдардын эл аралык күнү кандай белгиленди?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун райондорунда 8-март— Аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Аймактык кабарчы айрым райондордун иш-чараларын топтоду.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы кечээ, 8-март күнү Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда майрамдык иш-чара өткөрдү. Анда Сокулук районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон айымдарга сыйлыктар берилди.

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан дасторкон жайылып, айымдарга сый көрсөтүлүп, сыйлыктар тапшырылды. Иш-чарага Аламүдүн районунун акиминин орун басары Айгүл Закирова жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана башкалар катышты.

Ысык-Ата районунда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана Б.Эдигеев атындагы «Ысык-Ата—Арашан» элдик фольклордук ансамблинин концерттик программасы менен коштолду.

Райондун акими Алмазбек Осмонов жалпы аялзатын майрамы менен куттуктап, ишинде мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен айымдарга ардак грамоталарды тапшырды.

Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн чоң жыйындар залында 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук деңгээлдеги иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, райондун прокурору, мекеме-ишканалардын жетекчилери, өзүн кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктө көрсөткөн аялдар катышты. Алардын айрымдарына Панфилов райондук администрациясынын атынан ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар ыйгарылды.

Иш-чара атайын даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE