Чүй облусунун башчысына улгайгандардын өмүрү кыскарып кетишине эмне себеп экендиги айтылды

TurmushБүгүн, 15-апрель күнү президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Токмок шаарынын эли менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, анда эӊ алгач суроо берүү үчүн чыккан Токмок шаарынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы Медет Туркменов дары-дармектердин баасына токтолуп, улгайгандардын өмүрү кыскарып кетишине себепкер экенин айтты.

«Ушул жерге келерде, аксакалдар дары-дармектин баасы боюнча маселе көтөрүүмдү өтүнүштү. Дары-дармектин баасы эмнеге кымбат болуп жатат? Алган пенсиябыздын жарымы дары-дармекке кетип калат. Ар бир райондун борборунда бирден мамлекеттик дарыкана болсо. Ошол жерден үстүнө баа кошулбай сатылса болор эле.

Мындан сырткары 70 жаштан ашкан карыяларга дары-дармек 50 пайыз арзандатылып берилсе. Азыр статистика боюнча өлкөдө аялдар 75 жашка, эркектер 68 жашка чейин гана чыгат экен. Буга дары-дамектин кымбаттагы себеп болушу мүмкүн деп ойлойм», — деди ал.

Облус башчысы бул маселе протоколго киргизилгенин билдирип, өз көзөмөлүнө аларын айтты.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️