Пример HTML-страницы

Чүй облусунда тоют чөп арзандады. Эми малдын баасы кандай болот?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусу боюнча тоют чөп арзандады. Бул тууралуу жергиликтүү фермерлер билдиришти.

Алардын айтымында, быйыл аба ырайы жаанчыл болуп, тоют чөптүн түшүмдүүлүгү былтыркыдан эки эсеге көп болду.

Кемин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Мажитовдун айтымында, райондо быйыл гектарына 250-300 түк беде жыйналып жатат.

«Кемин районунда быйыл тоют чөп жакшы өстү. Таза беденин бир түгүн талаадан 180-200 сомдон сатып алышууда. Ал эми куурай жана башка чөп аралашып өскөн беделерди талаадан 160-170 сомдон сатышууда. Ушул эле беде чөптөрү базарларда 250-300 сом деп турат. Канчалык таза беде болсо, ошончолук баасы кымбат болот. Мисалы, мен 3 гектар жерден биринчи чабыкта жалпы 550 түк беде алдым. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2 эсе көп дегенди билдирет. Түшүм канчалык көп болсо, дыйкандардын кирешеси да жакшы болот деген сөз. Тоо чөптөр болсо азырынча чабыла элек. Арпа-буудай самандар 1-июлдан кийин чабылып баштайт. Негизи Кемин районунда жалпы 27 400 гектар айдоо аянты бар. Анын 12 миң гектар жери көп жылдык тоют чөп. 9 миң гектар жерине кылкандуу дан эгиндери айдалат», — деди ал.

Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Автандил Исаевдин айтымында, райондо 13 миң гектар жерге көп жылдык тоют чөп өстүрүлөт. Быйыл гектарына орточо 200 түк беде алышты. Орто эсеп менен Ысык-Ата району 3 млн түк беде чөбүн жыйнады.

«Бул биринчи чабык. Ал эми экинчи чабык менен үчүнчү чабыкта азаят. Болжол менен 2-чабыкта гектарына 150 түктөн, 3-чабыкта 120 түктөн алышыбыз мүмкүн. Бул көрүнүш деле жакшы. Быйыл түшүмдүүлүк жакшы. Баасы болсо талаадан алсаңыз, бир түк бедени 160 сомдун айланасында сатып аласыз. Ал эми жол боюнда жана базарларда 240-250 сом деп турат. Тоо чөп жана арпа-буудай самандары азырынча чабыла элек», — деди ал.

Мал байлап саткан фермерлердин айтымында, тоют чөп көп болгон күндө деле баа түшпөйт.

«Негизи чөп азыр арзан болуп жатат. Ишкерлер дүңүнөн жыйнап алгандан кийин кайра кымбаттайт. Былтыр 400 сомдун тегерегинде болгон. Быйыл башталганда эле базарда 250-300 сом болуп жатат. Айырма анча деле эмес болуп жатпайбы. Бул бир. Экинчиден, мал багуунун түйшүгү жана чыгашасы бир гана чөп менен байланган эмес. Башка дагы кызматтар бар. Күйүүчү май, ветеринардын акысы, дары-дармек, мал багуучунун айлыгы жана башка чыгымдыр жылдын жылга өсүп жатат», — деди алар.

Уй-музоо кармап, аларды сатып ишкерлик кылган токмоктук Замирбек кызы Гүлзамиранын айтымында, август-сентябрь айларында мал арзандайт.

«Себеби, элдин көбү балдарын окууга даярдаш үчүн мал сатышат. Базарга мал көп түшүп, сөзсүз сатыш керек деп келишкени үчүн баа түшүп кетет. Андан кийин кайрадан көтөрүлөт. Семиз, породалуу, чоң малдар дайым эле кымбат болот. Ал эми арык, чарба, жөнөкөй малдардын баасы ары-бери ойноп турат. Эгер чөп көп жана ушундай арзан бойдон кала берсе, мал баккандардын саны кайрадан көбөйүшү мүмкүн. Буга чейин тоют чөп актабай жатат деп уй фермаларын жапкан фермерлер, кайрадан ишин улантышы мүмкүн», — деди ал.

Гүлзамиранын айтымында, учурда Токмок шаарында музоолуу уйлар 60 миң сомдон 180 миң сомго чейин, козулуу кой 10-18 миң сомдун тегерегинде болуп жатат.

Алишер аттуу токмоктук фермер былтыр түшүмдүүлүктүн аздыгынан жыйнаган чөбүн өзүнүн малына араң жеткиргенин айтат.

«Быйыл 1,5 гектар жерден 417 түк чөп алдым. Ал эми буга чейинки жылдары кургакчыл болуп, 250-280 түк чөп алчумун. Былтыр тоют чөптүн түшүмдүүлүгү начар болгондуктан үйгө эле жыйнап, өзүмдүн малыма араң жеткиргем. Быйыл жыйнаган чөбүмдү талаадан эле сатып жатам. Экинчи жана үчүнчү чабыкты өзүмдүн малыма жыйнап алам деп турам», — деди ал.

КР президентинин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, быйыл облус боюнча тоют чөп 385 621 тонна жыйналды. Мунун ичинен 366 821 миң тонна тоют чөп — беде чөбү. Калганы сенаж жана силостор. Былтыр 2023-жылы облус боюнча 205 миң тоннанын тегерегинде жыйналган.

Ал эми экинчи, үчүнчү чабык азырынча баштала элек.

Райондордун ичинен Аламүдүн районунда эң көп чөп жыйналды. Тактап айтканда, 43 140 тонна чөп жыйналган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE