Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Чүй облусунда кара өрүктүн түшүмү мол болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда Кыргызстанда тёрндин (көк жемиши бар, тикендүү жыгач жана ошол жыгачтын жемиши) түшүмү мол болду. Бул өсүмдүк Кыргызстанда көп кездешет.

«Бул өсүмдүк тикенектүү, бардык жерде өсөт: токой тилкелеринде, сайларда, жолдордун боюнда жана тоо этектеринде, кээде ар кандай жаныбарлар менен канаттуулар үчүн жакшы баш калкалоочу жай катары кызмат кылган токойлордо өсөт.

Өсүмдүк тикенектүү болгондуктан илим дүйнөсүндө тикенектүү кара өрүк деп аташат.

Тёрн — бадалбы же даракпы? Бул суроо боюнча ботаниктер арасында бирдиктүү жооп жок. Экологиялык шарттарга жараша бадал жана дарак да болушу мүмкүн деп эсептелет. Анын жемиштери таттуу, даамы жагымдуу. Эки миң жылдан ашык убакыттан бери ал бакчаларда орун ээлеп келет. Өлкөбүздө кара өрүк көп болгондуктан, Жайыл районунун тургундары анын түшүмүн дээрлик жыйнашпайт. Түшүм толугу менен жаныбарлар менен канаттууларга кетет.

Көпчүлүк тёрндин мөмөсүн барбарис же долоно жемиштеринен айырмалай алышпайт. Анын касиеттери жана даамы унутулуп калган. Өмүрүндө жок дегенде бир жолу кара өрүк кыямын жасап көргөн адам анын даамын унутпайт.

Тёрндин жемиштери глюкоза менен фруктозага, органикалык кислоталарга жана витаминдерге бай. Терип алгандан кийин үч жумага чейин сакталат. Кыямдан тышкары мармелад, компот жасашат», — дейт биолог Ирина Стежко.

Элдик медициналык практикада кан тазалоочу каражат катары тёрндин мөмөлөрүнүн жана гүлдөрүнүн кайнатмалары алынат. Бул кайнатманы жөтөлгө да ичсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE