Чүй милициясы Кабылованын «Золотой колос» дыйкан чарбасында күйөөсү каза болгондугу боюнча арызына жооп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облустук ички иштер башкармалыгы Уулбүбү Кабылованын күйөөсүнүн өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөгө байланыштуу билдирүүсүнө комментарий берди.

2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө К.У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик экологиялык жана техиникалык инспекциясынын кызматкери М.Ч. жана К.Ж. аттуу жарандарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Кайрылуусунда 2016-жылдын апрелинде “Золотой Колос” дыйкан чарбасында электрик болуп эмгектенип жатып, өз милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон И.И.нин өлүмү боюнча туура эмес чечим чыгарышканын билдирип, алардын үстүнөн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт 2019-жылдын 10-январында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 168-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

2019-жылдын 26-декабрында сотко чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгүнө квалификацияланган.

Пример HTML-страницы

Тергөөнүн жүрүшүндө М.Ч., К.Ж., И.С. жана Р.Р. аттуу жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айыбы угузулуп, соттук кароого жөнөтүлгөн.

2024-жылдын 21-августунда калк менен жолугушуу учурунда К.У. аттуу жаран кылмыш ишинин аяктагандыгы тууралуу билберин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын билдирген. Бул күнү Сокулук РИИБи тарабынан чакыртылып иштин жагдайы боюнча К.У.га түшүндүрмө берилген. Ал эми К.У.нун милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганы чындыкка дал келбейт.

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Уулбүбү Кабылова аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууга киргизбей койгонуна нааразы болгонун жазган.

«Мен эртең менен эрте биринчи кезек алып сүйлөйүн дегем. Анан эшик алдынан мага “эмне суроо менен келдиң?” деп сурагандарга, “мен ушундай маселе менен келдим” деп жооп берсем эле, эшикке алдап алып чыгышып, унаага сүйрөп салышып, колумду бурап, кылмышкердей мамиле кылышты.

Көчөдө жүргөн кишилерге милиционердин кийимин кийгизип койдуңар беле? Булар милициябы же эмне? Мени РИИБге алып барып, жетекчи Чыңгыз Дүйшөбаевдин иш бөлмөсүнө киргизип коюп, сыртымдан бекитип койгон мамиле туурабы? Булар чыккандан кийин сыртка качып чыгып, такси менен келсем, ушул жерден “келсе, кармагыла” деп киши коюп коюшуптур. Мени сүйрөп алып барып, унаага салганы жаткан жерден АКИпресстин кызматкерлери алып калышты. Булар кылмышкерлерби? Эмне деген көрүнүш? 60тан ашкан мени неберемдей болгон балдар сүйрөп унаага салып жатканы кандай? Булар энеден туулганбы?

8,5 жылдан бери укук коргоо органдарынын айынан чындыкты издеп келем. Менин жолдошум жумуш учурунда кайтыш болгон. Ошондо кырсык иликтөө комиссия барып, жолдошумдун өлүмүн жашырып, жерде өлгөн кишини “бийиктиктен учуп кетти” деп акт түзүп, жасалма документтерге буюртма берип, ошонун негизинде ири суммадагы пара алыш үчүн уюштурушкан.

Ушулардын кылмышын сотко жеткирейин деп, 2019-жылы бардык укук коргоо органдарына жиберилди. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө (РИИБ), финансы полициясында, УКМКда болду. Анан тергөө кызматы келгенде Сокулук прокуратурасына келди. Сокулук районунун прокурору тергөөчүсү менен ушул ишти жашырып, 8 ай кармап жатып, РИИБге түртө салды. РИИБде 2 жыл болду. Эртең менен жумушка кеткендей кетип, кечинде келем. Үйдө 2-топтогу майып кызым бар. Ага эптеп чайын берип, тамагын даярдап коюп, ар кайсы жерди кыдырып жүрөм.

Тергөө амалдары жүргөн жок. Эптеп мындан кутулалы деп, бир эле кишиге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деп айып тагып, калган кылмыштарды эч нерсе кылган эмес. Ал жерде топ кылмыш, алдамчылык, документ жасоо, ага катышуу кылмыштары бар. Кырсык иликтөө комиссия Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен иштешет. Ошол өкмөттүн кырсык иликтөө жана каттоого алуу деген токтомун одоно бузуп туруп, актыны түзгөн.

Башкы тергөө башкармалыгынын башчысына улам-улам барып жатсам, баягы күнү “сенин күйөөң өлүп жатса, мен 10 кишини жоопко тартайынбы” дейт. Мен алардын колуна калем жана кагаз берген эмесмин да, жасалма документ кылгыла деп. Жасалма документ жасап, ошого актыны түзүп жатышпайбы. Ошол документтерди актыга колдонуп атышат. Анан эмне үчүн сотко кетпеш керек?» — деген ал.

Сокулук районунун прокурору Калмамат Бекташов бул маселе боюнча төмөнкүлөргө токтолгон.

«Эже өзү туура айтат, окуя 2016-жылы катталган. Андан бери кылмыш ишин бир канча тергөө органдары жүргүзгөн. Буга чейин 3 адам жоопко тартылып акталган. Мен районго прокурор болуп келгениме 1,5 жылдын жүзү болду. Бүгүнкү күнү тергөө органдары тарабынан иштер жүргүзүлүп, 4 адам жоопко тартылып, кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Учурда соттук кароодо» — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️