Чүй айылындагы көпүрөнү суу жиреп, жолго чейин чыгып баштады. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй районуна караштуу Чүй айылындагы көпүрөнүн четтери оюлуп баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, Западная көчөсүндөгү арыктан суу көп келип, жаңы көпүрөнүн четиндеги топуракты оюп, жолго чейин чыгып жатат. Көпүрө 2023-жылы 1,4 млн сомго курулган.

Ал эми Чүй айыл өкмөтүнөн кырдаал көзөмөлдө экенин билдиришти.

«Кечээ ӨКМ менен биргеликте көзөмөл жүргүзгөнбүз. Бүгүн жээктерине шагыл төгүү иштери жүрөт. Тегерегин дамба кылып тособуз. Келе жаткан экинчи күнү жарыктандыруу орнотулат», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️