Чүйдөгө акимдер Жайыл баатырдын эрдиги менен таанышып чыгышты

TurmushБүгүн, 27-мартта Чүй облусуна караштуу райондордун акимдери Жайыл баатырдын музейине алгачкы жолу саякат жасашып, баатырдын эрдиги менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу облустук аялдар кеңешинин координатору, «Жайыл ата» коомунун «Темиржан эне» аялдар канатынын мүчөсү Гүлжан Байбосунова билдирди.

Маалым болгондой, Жайыл баатырдын алгачкы эстелиги жана музейи 2002-жылга таандык. Ал эми жаңысы 2012-жылы тургузулган. Алар Жайыл районунун аймагында жайгашкан.

«Акимдер Жайыл районундагы Жайыл баатырдын тарыхый музейи менен таанышып, музейдин директору Бекбүбү Асанкулованын жетектөөсүндө саякат жасашты. Анда Жайыл баатыр жана анын аялы Темиржан эне жөнүндөгү тарыхый маалыматтар боюнча дагы бир жолу кеңири түшүнүк алышып, музейдин ой-пикир дептерчесине өздөрүнүн ойлорун калтырышты. Музейдин тарыхында облустун аймагындагы райондун акимдеринин эң алгачкы жолу биргеликте жасалган саякаты экендиги да айтылды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️