Пример HTML-страницы

Чүйдөгү жол тескөөчүлөр жумуш үстүндө адаттан тыш окуяга туш болушту. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда жүрөгү ооруп, унаасын башкара албай калган айдоочуга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 24-майында болжол менен саат 13:10 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 13-чакырымында (Милянфан) Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздап жаткан учурда «Мицубиси Делика» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу токтоп, кызматкерлерден жардам сурган. Себеби, жарандын жүрөгү ооруп, унааны башкара албай калган.

Ошол замат кызматкерлер айдоочуга биринчи жардам көрсөтүп, Жибек-Жолунда жайгашкан дарыканага тез арада жеткиришкен.

Айдоочунун жанында жүргүнчү катары бара жаткан жаран ыраазычылыгын билдирип, видеосу менен бөлүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE