Чүйдөгү кырсыкта 9 адам ооруканага жеткирилип, 1 адам каза тапты (сүрөт)

TurmushПетровка—Нарзан унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-март күнү саат 06:47 чамасында Петровка—Нарзан унаа жолунун 5-чакырымында эки оң рулдуу «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жана жети жүргүнчү (анын ичинен 3 жаш өспүрүм, 4 чоң адам) ар кандай жаракаттар менен Жайыл жана Москва аймактык ооруканаларына жеткирилген. Ал эми 36 жаштагы жүргүнчү Ж.Э. жеринде каза тапкан. Унаа айып аянтчасына жеткирилди.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет: Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️