Чүйдөгү багбан короосунда унаби жана токой жаңгагын өстүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну Александр Малышев бакчасында курма жана токой жаңгагын (фундук) өстүрөт. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Аскер ардагери курманы (унаби) өз бакчасынын «падышасы» деп атайт. Кыргызстанда аны кытай курмасы деп аташат.

«Кытай курмасынын жемиши абдан пайдалуу. Окумуштуулар алардын антиоксидант, какырык чыгаруучу, гипертензияга каршы, шишикке каршы касиеттерин аныкташты. Дары сырьесун алуу үчүнөсүмдүктүн жемишин, уругун, жалбырагын, кабыгын, тамырын кыскасы бардык бөлүктөрүн колдонушат», — деди Малышев.

Анын бакчасында 3 кытай курмасынын багы өсүп жатат. Ал «Аламүдүн» базарында айыл чарба продукцияларын саткан жерде кытайлык жарандан кичинекей көчөттөрүн кымбат баага сатып алган.

«Кытай курмасы ачык жерде өсөт. Сезондо 30 килограммга чейин жемиш алам. Мен аларды кургатып сактайм. 30 килограмм мөмөдөн 10 килограммга жакын кургатылган мөмө алынат.

Таң калыштуусу, кытай курмасы кургакчылыкка жана биздин климаттын суугуна чыдамдуу. Азыркы кыштын суугунан бакчамдагы шабдалым жана алчам өлүп калды. Алардын куураган абалын көрүү абдан өкүнүчтүү. Бирок кытай курмасы менен фейхоа суука чыдап, мени кубантышты», — деп билдирди багбан.

Пример HTML-страницы

Ал эми токой жаңгагы 200 жылга чейин жашай турганын айтты.

«Токой жаңгагынын жалбырагы аз кандуулукка, авитаминоздо, табиттин бузулушунда абдан пайдалуу. Эркектер үчүн фундук простатит, аденома оорусун жеңилдетет. Ал эми жаңгактары абдан пайдалуу. Ал май кислоталарына бай. Ошондуктан жаңгактарды көп жегенде ашыкча салмак кошууга алып келбейт. Жаңгактардын көчөтүн отургузгандан кийин 4 жылдан кийин мөмө бере баштайт жана 200 жылга чейин жашай алат.

Токой жаңгагын кайсы бир жылы кошунамдан алгам. Бакчага отургуздум, сугардым, кам көрдүм, жибек куртунан куткардым. Азыркы убакта 20 түпкө чейин көбөйдү. Ар бир бадалдын диаметри алты метрге чейин. Жайында алардын асты салкын болот. Мен фундуктун мөмөсүн жылына 2 жолу күзүндө жана жазында жыйнайм. Эмне үчүн мындай болуп жатканы мен үчүн табышмак. Күзүндө түшүмдү жерден, бактардын астынан абдан кылдаттык менен жыйнайм. Бирок жазында бактардын алды кайра жаңгакка толуп калат. Алар кайдан чыгып жатканына акылым жетпейт. Бул мен үчүн табышмак. Адатта жылына 80 килограммга чейин токой жаңгагын жыйнайм», — деп бөлүштү ал.

А.Малышевдин айтымында, экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрүү түйшүктүү болгону менен кирешелүү дагы болуп саналат. Бишкекте кытай курмасынын 1 килограммы сортуна жана көлөмүнө жараша 250 сомдон 600 сомго чейин, ал эми токой жаңгагынын килограммы 1200 сомго бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️