Чүйдө жигиттин түнкү жоругу видеого түшүп калган. Ал кармала элек

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында түн ичинде жорткон уурунун өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жайдагы жана супермаркеттеги жоругу видеокөзөмөлгө түшүп калган.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, 2024-жылдын июль айында жеке ишкер тарабынан алгачкы жолу Петровка айылында өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жай ачылган. 3-октябрда түн ичинде андагы терминалды кимдир-бирөө кандайдыр бир куралдар менен бузуп ачып, ичиндеги акчаларды алып кеткен. Ошол эле түнү супермаркетке да кирген.

Бул боюнча А. аттуу жеке ишкер төмөнкүлөргө токтолду.

«Аталган окуя боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө 2024-жылдын 3-октябрь күнү эртең менен кабарладык. Алар келип, түнкү окуянын чоо-жайын көрүштү. Арыз жаздык, бирок арадан 8 күн өтсө да, уурунун изи табылбай жатканы түшүнүксүз. Коопсуздук үчүн видеокөзөмөл колдонуп келебиз. Же андагы фактыларга таянуу менен оперативдүү иштерди жүргүзүүгө болбойбу?» — деп нааразычылыгын айтты ал.

Түнкү уурулук фактысы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттого алынганы жана учурда издөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Пример HTML-страницы

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 3-октябрь күнү Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен Москва районунун Петровка айылынын 1988-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кайрылган.

Ал арызында 2024-жылдын 3-октябрына караган түнү саат 02:50 чамасында Петровка айылынын “Өзүң жуу” аттуу унаа жуугуч жайдын акча салынган кутучасын белгисиз адамдар сындырып, акчаларын алып кеткендигин айтып чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Москва РИИБи тарабынан КБРге каталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Азыркы тапта келтирилген чыгымды тактоо жана кылмышка шектүүлөрдү аныктоо максатында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️