Пример HTML-страницы

Чүйдө мас абалда делген айдоочуну текшерүүгө алып барган жол тескөөчүлөрдүн видеосунан кийин арыз жазылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда ЖКККБ кызматкерлери менен ак халатчандардын видеосу социалдык тармактарга тарап, андагы анализдердин эки башка жыйынтыгы талкуу жаратты.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, ушул жылдын 9-сентябрь күнү ЖКККБ тарабынан рейд өтүп, анда мас абалында унаа башкарып бара жаткан айдоочунун унаасы токтотулган.

ЖКККБ кызматкерлери айдоочунун спирт ичимдигин ичип-ичпегенин текшерүү үчүн алгач Чүй райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна алып барышкан. Ал жерден таза деген аныктама чыккан.

Ал анализге ишенбеген жол тескөөчүлөр айдоочуну Токмок шаардык жалпы дарыгерлер практикалык ооруканасына алып барышкан. Бул жерден анын мас экени аныкталган.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы окуяны тастыктап, «Хендай Гетц» үлгүсүндөгү унаа айып короого токтотулуп, 1992-жылы туулган айдоочу А.У.Ж.га айып салынганын билдирди.

Чүй райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Нурбек Абдрахманов бул иш боюнча прокуратурага арыз жазышканын билдирди.

«9-сентябрь күнү жол тескөөчүлөр орой мамиле жасашкан. Алар уруксаты жок видеокамерага тартышкан. Анализдин жыйынтыгына ишенишпегендиктен, биздин кызматкерлер “кандан анализ алалы?” деген. Бирок жол тескөөчүлөр ага макул болушкан эмес. 11-сентябрь күнү биз алардын үстүнөн прокуратурага арыз жаздык. Учурда тергөө иши жүрүп жатат. Жыйынтыгы менен кимдики туура экенин билебиз», – деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы