Пример HTML-страницы

Чүйдө «Алыкул фест» арт-фестивалы жыйынтыкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда Каптал-Арык айылында эл аралык «Алыкул фест» арт-фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Алыкулду окуйбуз» долбоорунун алкагында өлкө аймагында акын Алыкул Осмоновдун чыгармаларын даңазалоо, дүйнө элине таанытуу максатында ар түрдүү маданий-адабий иш-чаралар өткөн. Андан соң борбордогу А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада 13-14-июнь күндөрү Кыргызстандын аймагынан жана чет өлкөлөрдөн акын-жазуучулар, сүрөтчүлөр, обончулар, Алыкул изилдөөчүлөр, таануучулар жана башкалардын катышуусунда эл аралык фестиваль өз ишин улаган.

Коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин, жергиликтүү бийлик жана чет өлкөлүк өкүлдөрдүн катышуусунда фестиваль акындын кичи мекени Каптал-Арыктагы А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинде жыйынтыкталды.

Аянтта 7 боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулуп, поэзия саптары жаңырып, маданият кызматкерлер өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жалпы жобонун негизинде өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Ал эми фестивалга Ысык-Көлдөн «Бурут» аттуу бүткүтүн алып келген 69 жаштагы мүнүшкөр Ишенбек Кыдыров: «Иш-чарага 12 жаштагы «Бурут» аттуу бүткүтүмдү алып келдим. Ал «Муз бурут» кыраан куштун бир түрү. 1980-жылдан бери куш таптап, мүнүшкөр аталгам. Негизи Кыргызстанда бүркүттүн 12 түрү бар», — деп анын өзгөчөлүгүнө токтолду.

Алыкул акындын жердеши, кол өнөрчү, ат жабдыктарынын чебери Самаган Токтосунов ээр жасап, дүйнөлүк сынактарга да катышканын айтты. Ошондой эле Аида Малабаева айыл чарба өсүмдүктөрүн дарылоо боюнча кеп- кеңештерин берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE