Пример HTML-страницы

Чүйдө 25 гектар эгин талаа жана үй өрттөнүп кетти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАламүдүн районунун Рассвет айылында эгин талаа өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, талаада 2 адамга караштуу 20 гектар жердеги арпа күйгөн.

Москва районунун Петровка айылындагы эгин талаада 5 гектар жердеги буудай өрттөндү.

Москва районунун Беловодск айылында 3 гектар жердеги куураган чөп өрттөндү.

Сокулук районунун Сокулук айылында 5 гектар аянттагы куураган чөп күйдү.

Сокулук айылынын Речная көчөсүндө 100 чарчы метр үй толугу менен өрттөнүп кетти. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE