Чүйдүн тоолорунда көз жоосун алган жапайы итмурундардын түшүмү мол болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусундагы Жайыл районунун тоолорунда быйыл жапайы өскөн итмурундун түшүмү мол. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына тургундар билдирди.

Алардын айтымында, тоодогу өскөн итмурундардын чоңдуктары ар кандай.

«Тоо этектеринде жана капчыгайдын бардык жеринде итмурундар толо өсүп турат. Түстөрү жана формалары ар түрдүү. Мөмөлөрү адамдардын көз жоосун алып, суук келгенден кыштын чилдесине чейин өсөт», — дешти жаратылыш сүйүүчүлөр.

Эколог Александр Сосновскийдин айтымында, анда көп витаминдер бар.

«Итмурундун канаттуулар, жаныбарлар, адамдар үчүн да пайдасы чоң. Анын курамында ар кандай витаминдер — темир, кальций, магний жана башка микроэлементтер бар. Булар иммунитетти чыңдоого жана ден соолукту сактоого жардам берет», — деп билдирди адис.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️