Чүйдүн базарларында курамында сейрек кездешүүчү витаминдери бар данек сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы жашоочуларынын арасында өрүктүн данектери популярдуулукка ээ болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, ар кандай кургатылган жаңгактардын арасында өрүктүн данектери эң арзан жана ден соолукка пайдалуу. Алардын килограммы 200-250 сомдон сатылууда. Сатуучулар аны Кыргызстандын түштүгүндө жана Ысык-Көлдө өстүрүлгөн өрүктөрдөн алынганын айтышты.

Биолог-адис Ирина Стежконун айтымында, өрүктүн данеги ден соолукка абдан пайдалуу.

«Өрүктүн данеги медицинада, тамак-ашта жана косметологияда кеңири колдонулат. Анын курамында сейрек кездешүүчү витаминдер бар: Р, В17, фосфолипиддер, калий, кальций, фосфор, темир жана натрий.

Ушундан улам өрүктүн данектери сезгенүүгө каршы, шишикке каршы жана антиоксиданттык таасирге ээ. Аны муундардын жана булчуң ткандарынын ооруларын алдын алуу үчүн колдонулат.

Өрүктүн данектерин колдонуу — эс тутумду жакшыртууга жана мээнин активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле алардын курамында жүрөк кан тамыр системасына оң таасирин тийгизүүчү заттар бар. Күнүнө 20 граммдан ашык эмес колдонуу сунушталат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️