Чүй облусунда калемпир сезону башталды. Баалары кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусундагы Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунун бардык базарлары жашылча-жемиштерге мол. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, базарларда калемпирдин таттуу жана ачуу түрлөрү сатылууда. Таттуу түрүнүн килограммы 20 сомдон 40 сомго чейин. Ал эми ачуу калемпирдин килограммы 100 сомдон 120 сомго чейин сатылат. Сатуучулар калемпирдин бардык түрлөрү Чүй облусунда өстүрүлгөндүгүн айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️