Бүгүн Каракол шаарында жылуулук берүү токтотулду

TurmushБүгүн, 4-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында калкка жана социалдык объектилерге жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Каракол шаарынын вице-мэри Чыңгыз Бапаевдин айтымында, эреже боюнча акыркы 5 суткада абанын температурасы +8 градустан жогору болушу керек. Бул аралыкта калаада абанын температурасы +8 градустан +10 градуска чейин жетти.

«Быйылкы от жагуу мезгили ийгиликтүү аяктады. Айрым батирлерде болгон көйгөйлөрдү жеринде чечип жаттык. Жалпы жылуулук үзгүлтүксүз берилди. Ишканалар жакынкы күндөрү от жагуу мезгилинде канча көмүр жагылып, канча калганын эсептеп чыгарышат», — деди ал.

Быйыл шаарга кыш эрте түшкөндүктөн жылуулук 8-октябрдан тарта берилген. Жылда 1-ноябрда берилчү.

Шаарды жылуулук менен 2 ишкана камсыздайт.

Былтыркы жылы от жагуу мезгили 13-апрелде токтотулган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️