Пример HTML-страницы

Былтыр ЖРТдан жогорку упай алган Арзыбек «алтын сертификат» үчүн кайра сынакка катышты. Ал үчүн бүтүрүүчү бекер окуусун таштаган

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту. Алардын бири — Нарын шаарындагы лицейдин былтыркы бүтүрүүчүсү Арзыбек Сулаев. Ал 227 упай алган.

Арзыбек Сулаев үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу. Атасы Кыдыкбек Сулаев өмүр бою инженер болуп иштеп, акыркы 4 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. Апасы Жумагүл Сыдыбаева жеке ишкер, Россияда ресторан иштетет.

«Мага ата-энем кичинекей чагымда «кийин көп ийгиликтерди багындырасың» деп айта беришчү. 7-классыма чейин Россияда окудум. Андан кийин Ысык-Көлдөгү лицейде 9-класска чейин билим алдым. Шартка байланыштуу 10-классты кайра Россияда уланттым. 11-классты Нарын шаарындагы лицейде бүтүрдүм. Кичирээк класстарымда начар окучумун. 11-класста «алтын сертификаттын» ээси болом деп максат койгом. Күнү-түнү окуп, аябай тырыштым. Тилекке каршы 2023-жылы ЖРТдан 213 гана упай алдым. Кыргыз-түрк «Манас» университетине тапшырып, жарым жыл гана окудум. Себеби, «алтын сертификатка» дагы бир жолу аракет кылайын дедим. Бир жыл кечиксем дагы өз максатыма жеттим деп ойлойм.

«Алтын сертификаттын» бир эле артыкчылыгы бар — Кыргызстандагы каалаган ЖОЖго бюджеттик орунга илине аласың. Бирок мен үчүн «алтын сертификат» —принципиалдуу маселе. Жада калса дагы бир жыл даярданып, кайра сынак тапшырдым. Бул менин чоң жеңишим деп эсептейм. Өзүмө чоң ишеним пайда болду. Буюрса жаңы ийгиликтерди багындырам деген ойдомун.

Башындай айткандай, көп мектепте окудум. Кыргызстандын билим берүү системасы Россияныкындай эле экен. Бирок биздеги мугалимдердин көбүнүн компетенциясы жеткиликтүү эмес деген ойдомун. Мен билим министри болсом, компетенциясы жеткиликтүү, күчтүү, жаш мугалимдердин гана талапкерлигин карамак болчумун. Билим берүү системасын дагы жаңыртышыбыз керек деген ойдомун», — деди ал.

Бүтүрүүчү келечекте ишкерлик жаатында менеджер болууну максат кылууда.

«Менин ийгилигиме жалгыз эле менин эмгегим жумшалган эмес. Эң башкысы, Аллахым мага ушул ийгиликти насип кылды. Дайым мени колдогон сүйүктүү ата-энемдин орду абдан чоң. Менин мугалимдерим, айрыкча мен окуган лицей абдан жакшы шарт түзүп берди, колдоо көрсөттүү. Аягында гана мен болгон күчүмдү жумшап, мага ишенген адамдардын эмгегин актадым. Келечекте Түштүк Кореядагы ЖОЖдо окуйм деген пландар бар.

Атам дагы, энем дагы жеке ишкердик менен алектенет. Кичинекей чагымдан бери акча кантип табыларын көрүп келе жатам. Кийин окуу жайды бүткөндөн кийин менеджер болуп, чоң фирмаларда иштеп, тажрыйба жыйнайм. Андан соң өзүмдүн билим берүү тармагында болгон бизнесимди ачсамбы деп турам. Келечекте өзүмдүн сүйүктүү мекениме чоң салым кошсом экен деп жүрөм», — деди ал.

Арзыбек сынакты Чүй облусунан тапшыргандыктан, анын тизмеси Чүй облусуна кошулган.

——

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту.

Эң жогорку упай 234 болду — аны 3 бүтүрүүчү алды.

Жогорку упайларды алган 56 бүтүрүүчүнүн арасында Нарын облусунан 3 окуучу бар:

Рамазан Айдарбеков (231) – М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;

Айганыш Дөөлөтбекова (229) – Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби;

Жанбол Жаркынбаев (225) – былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификаттын» аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Кыргызстанда «алтын сертификат» ээлери дайыма президент тарабынан сертификат, стипендия жана белек менен сыйланып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE