Быйыл Төрт-Гүл суу сактагычында жылдагыдан 3,5 млн куб суу аз болуп жатат

TurmushБаткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычында суу жылдагыдан 3,5 млн кубка аз. Бул тууралуу Баткен райондук суу чарба башкармалыгынынын башчысы Султанбек Эрматов билдирди.

«Быйыл жылдагыдан суу аз. Анткени кыш ичинде да чек аралаш аймактагы айылдарга суу берилип турду. Жылда күз аяктап токточу эле. Анын айынан 3,5 млн куб суу аз болуп, пландагыдай болгон жок. Негизи 90 млн кубтук суу сактагыч. Ушул айдан баштап суу бериле баштайт. Айыл чарба иштери башталды», — деди ал.

Төрт-Гүл суу сактагычынан Тажикстан аркылуу суу өтүүчү айылдар бар. Көйгөй болбойт, бардык чаралар каралып турат

«Бизде Ак-Татыр, Самаркандек, Орто-Боз, Паскы-Арык жана башка айылдарга Тажикстандын айылдары аркылуу суу өтөт. Маселе жаралбайт деп ойлойбуз. Эгер кандайдыр тоскоолдук болсо учурунда чечүүгө аракет кылабыз», — деди Баткен райондук айыл чарба департаментинин жетекчиси Абдипатта Пирназаров.

Төрт-Гүл суу сактагычы Баткен шаарынан сырткары 6 айыл өкмөттү сугат суу менен камсыз кылат. Башкача айтканда 11 миң гектар жерди суу менен камсыздайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️