Пример HTML-страницы

Быйыл көп жылдык чөптүн түшүмү мол болду. Мындай көрүнүштүн кандай кемчиликтери бар?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда көп жылдык чөптөрдүн биринчи чабыгы аяктап жатат, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Учурда борбордук жолдорду бойлогон жүк ташуучу унааларды көрүүгө болот.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү өсүмдүк өстүрүүнү лотереяга салыштырышат: кийинки сезон кандай болорун алдын ала айтуу кыйын. 2023-жылы кыргызстандыктар сугат суунун жетишсиздигине нааразы болушса, 2024-жылы нөшөрлөгөн жаан-чачынга жана селге кабылышкан. Майдын жаанчыл болушу көп жылдык чөптөрдүн өсүшүнө жакшы таасир берди.

Дыйкандардын айтымында, биринчи чабыкта жогорку түшүм алынган. Учурда 1 түк чөп 200 сомдон 250 сомго чейин болсо, талаадан 170 сомго келишим түзсө болот. 2024-жылы чөптүн баасы былтыркыга салыштырмалуу эки эсе төмөн. Маселен, мындан бир жарым, эки ай мурда (жаңы чабылганга чейин) өткөн жылы чабылган бир боо беде сапатына жараша 400 сомдон 450 сомго чейин болгон.

«Жогорку түшүмдүн да кемчиликтери бар — төмөн баа жана жогорку атаандаштык. Чөпкө болгон суроо-талап азайып баратат. Бир унаа боолонгон чөптү сатуу үчүн бир нече күн туруу керек. Ошондой эле унаанын ижара акысын төлөш керек. Быйыл бир түктүн баасы эсептесек, үрөн, жер семирткич, техника кызматтары, жиптер, күйүүчү-майлоочу майлар, жүктөөнү кошкондо 1 боо 100 сомдон болууда», — дейт жергиликтүү дыйкан Адилет Мазитов.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, Жайыл районунда быйыл талаа иштери былтыркыдан 24 күнгө кеч башталды.

Облустук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн арасында эң популярдуу айыл чарба өсүмдүгү болуп кант кызылчасы саналат: план боюнча 1658 га, бирок кант кызылчасы 2150 га айдалган, пландын чегинде дан эгиндери 48 миң га, жүгөрү 2,2 га. Бирок төө буурчак 50 пайызга (400 га), жашылчалар 1450 га, май өсүмдүктөрү 2 миң га, бакча өсүмдүгү 500 га (800 га), көп жылдык чөптөр 15 миң га (аларга дагы 3 миң га кошулган) кыскарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE