Быйыл эки айда Ысык-Көлдө 26 адамдан кургак учук аныкталды

TurmushБүгүн, 24-мартта Ысык-Көл облусунда кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жер-жерлерде иш-чаралар өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ысык-Көл облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Жаңыл Акунованын айтымында, аталган борбордо атайын акция уюштурулду. Анда кургак учук тууралуу кенен малымат берилди. Ошондой эле ар бир райондо калкка түшүндүрүү иштери жүрүп, илдеттин жугуу жана сактануу жолдору айтылууда.

«2021-жылы бул илдетке кабылгандар көбөйгөнү байкалып, 187 адам ооруну жаңы жугузуп алган. Быйылкы жылдын эки айында былтыркыга салыштырмалуу аз катталды», — дейт ал.

Январь, февраль айында облуста 26 адам кургак учук жуктуруп алганы аныкталган. Анын ичинен бешөө жаш балдар. Эң көп учур Жети-Өгүз районунда катталып, 7 адамдан илдет аныкталган.

«Учурда облус аймагында бир айлык жарыяланды. Анын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, айылдык ден соолук комитеттери алдын алуу иштерин жүргүзөт. Мектептерде балдар арасында ар кандай иш-чаралар өтүп, жат жазуу жазуу өңдүү сынактар өтөт», — деп кошумчалады жетекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️